Бишкектин Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Коом 21 сентябрь 2026 16:50
06fb1715-9ce1-4990-921e-92a17fd0908d.jpg
6.png
6cc5fb84-f196-4a22-aca5-b63100ab54f5.jpg
7.png
672f1117-6cbe-4324-b88d-9459b173caa4.jpg
742ed7ea-c77d-4f0c-ad00-a254fe033c79.jpg
2296ed28-59c8-4388-8fd4-21b75caabf26.jpg
5803fada-9c5f-4eda-8d88-f306e4e8d29b.jpg
3877191c-28f9-4485-aefa-09e5d0a43697.jpg
c43e5f90-1cc6-404e-b316-552462c04c0d.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады. Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, жалпы аянты 8 миң чарчы метрден ашкан мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда имаратта жууп-тазалоо жана эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мектептин аймагында эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, алты тилкелүү чуркоо жолу жана жашыл эс алуу зоналары каралган.

"Бул Кашка-Баш айылында акыркы 30 жылда курулган алгачкы жаңы мектеп. Мектептин ачылышы айылдагы балдар үчүн заманбап жана коопсуз билим алуу шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.