Сузак районунун акиминин орун басары алмашты — Кабар

Сузак районунун акиминин орун басары алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 31 март 2026 13:30
suzak 750x421.jpg
suzak 750x421.jpg
Алдыга
Артка
suzak 750x421.jpg
suzak 750x421.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тиешелүү тескемелерге ылайык, өлкөнүн бир катар райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын орун басарлары кызмат орундарынан бошотулду, аны менен катар дайындоолор болду. 

Азамат Маматжанов Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акимдин орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду. 

Асел Сансызбаева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акимдин орун басары болуп дайындалды.