Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Суусамыр өрөөнүндө алтыгана баскан жердин жалпы аянты акыркы 9 жылда 10 миң гектарга өскөн. Бул тууралуу жергиликтүү радиолордун биринде Ветеринардык мал чарбасын өнүктүрүү кызматынын Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров билдирди.
Анын айтымында, Суусамыр өрөөнүндө алтыгана баскан жер аянты 2016-жылы 16 миң гектарды түзгөн. Ал эми өткөн жылы 28 миң гектарга жеткени айтылды.
“Суусамыр өрөөнүнүн жалпы жайыт аянтты 472 миң гектарды түзөт. Ал жерде Чүй, Талас облустарынын жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун эли жайыттарды пайдаланышат. Мисалы, 2025-жылы Суусамыр өрөөнүндө жалпы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайытка 145 миң 400 баш кой-эчки, 16 миңден ашык ири мүйүздүү мал, 12 миңден ашык жылкы жайылган”,- деди Каландаров.
Ал бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча малдын саны өсүп, жайыт тартыштыгы жана жайыттардын деградациясы айыл чарбасы үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн бири экендигин белгиледи.
“Карагана жана алтыгана сыяктуу бадал өсүмдүктөрүнүн жайыттарда көзөмөлсүз көбөйүшү мал үчүн пайдалуу чөптөрдүн азайышына, жердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келүүдө. Бул өсүмдүктөр жайыттарды каптап, мал жаюуга тоскоолдук жаратып, экологиялык тең салмактуулукту бузат”,- дейт ал.
Ошондой эле өз сөзүндө алтыгана сыяктуу бадалдардан жайыттарды тазалоо, калыбына келтирүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча ар кандай ыкмалар колдонулуп жаткандыгын кошумчалады.