Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө өткөн суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатында авиациялык күйүүчү май колдонулган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу-мотор спорт федерациясынын операциялык директору Медербек Ырысалиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жарыш болиддерине Эл аралык суу-мотор спорт федерациясынын талаптарына ылайык, коргошунсуз жана жогорку сапаттагы АИ-100 бензини куюлган.
"Аталган күйүүчү майдын курамында коргошун жана оор металлдар жок. Ошондуктан жарыштар Ысык-Көлдүн экологиясына зыяндуу таасирин тийгизген эмес", - деди ал.