Суу сактагычтарга балык чабактары коё берилет

Коом Загрузка... 19 Март 2026 15:50
WhatsApp Image 2026-03-19 at 13.34.55.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Суу сактагычтарда браконьерликке каршы күрөш жана балык коё берүү иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин 18-мартындагы жыйынында депутат Болотбек Борбиев тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул суу сактагычында кытайлык синтетикалык балык уулоочу торлордун салынышы, ошондой эле суу сактагычка балыктын чабактарын коё берүү маселеси көтөрүлгөн.

Балык өнөр жайы комплексинин маалыматы боюнча, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы “Айрым суу сактагычтарда киреше табуу үчүн массалык түрдө балык кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2026-жылдын октябрь айында бир катар суу сактагычтарды орточо салмагы 25 граммдык карп-сазан балыгынын чабактары менен балыктандыруу иш-чаралары пландалууда:

  • Токтогул суу сактагычына — 150 миң даана;
  • Киров суу сактагычына — 100 миң даана;
  • Базар-Коргон суу сактагычына — 10 миң даана;
  • Шамалды-Сай суу сактагычына — 5 миң даана;
  • Таш-Көмүр суу сактагычына — 5 миң даана.

Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарында мыйзамсыз балык уулоонун жана браконьерликтин алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.