Суу ресурстары кызматынын директору алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 1 июль 2025 16:50
Суу ресурстары кызматынын директору алмашты
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Суу ресурстары кызматынын директору алмашты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Жумаев Нурлан Кадырович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын директору кызмат ордунан бошотулду.

Ал эми Жээналиев Алмаз Жээналиевич суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын директору кызмат ордуна дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.