Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук көбөйүүдө. Буга эмне себеп?

Коом Загрузка... 14 Февраль 2025 09:50
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.02.25. / Кабар/. Соңку учурдагы Бишкек, Ош жана Чүй облустарында мектеп окуучуларынын өлүмү менен аяктаган окуялар коомчулукту ойго салды. Алсак, жакында эле Кант шаарында эки мектеп окуучусунун ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири оор жаракат алган. Жабырланган 10-класстын окуучусу тез арада ооруканага жаткырылган, бирок тилекке каршы, эсине келбей каза болгон.

Андан көп өтпөй эле Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмоктон каза болгон.

Күн мурун Кара-Суунун Каратай айылындагы № 39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 9-класстын окуучусу Адилет Турдубаев жаракат алган. Ага жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан кийин жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жеткирилип, бирок дарыгерлердин аракетине карабай каза болгон.

WhatsApp Image 2025-02-14 at 06.47.48.jpeg

Ата-энеге да, балага да кан жуткуруп, өлүмгө чейин алып барган мектеп кылмыштуулугу бүгүнкүнүн да, эртеңкинин да актуалдуу көйгөйү десек болот.

Ал күндөн-күнгө тамырын жайып, жаш муун арасында адатка айланып бара жаткансыйт. Күчтүүсү алсызга, улуусу кичүүсүнө кысым көргөзүп, топторго бөлүнүп мушташкан жаштар ар бир райондо кездешсе керек.

Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча секторунун башчысы Болот Иманалиевдин айтымында, мындай көрүнүшкө коомдогу терс көрүнүштөрдүн көбөйүшү жана миграциянын айынан балдардын көзөмөлсүз калуусу себеп болууда.

WhatsApp Image 2025-02-14 at 06.47.49.jpeg

“Соңку окуялар боюнча биз да тиешелүү чараларды көрүп жатабыз. Ар бир факты боюнча Билим берүү жана илим министрлиги иш алып барып жатат. Министрлик ар бир окуу жылдын башында окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча план иштеп чыгат. Планга ылайык, министрликтин өкүлдөрү ар бир облуста, райондо байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Тилекке каршы, жыл башында эле бир эмес, үч факты катталды. Өтө өкүнүчтүү. Учурда балдарга ата эненин мээрими жетишпей жатат. Балдар көзөмөлсүз калып, өтө агрессивдүү болуп жатышат. Ата-эне баланы тарбияласа дагы туура эмес тарбия берип жатат. Сени капа кылса, сен өзүңдү корго, ур-токмокто деп. Бул туура эмес. Ар бир маселени сүйлөшүү, достошуу жолу менен чечсе болот деп түшүндүрүү керек. Биз ар фактыны кылдаттык менен изилдейбиз, бала кандай үй-бүлөдөн чыккан, ата-энеси ким.

Көп учурларда ата-энесинин көзөмөлү жок балдар кылмышка барышат. Миграция күчөдү. Анын кесепетинен балдар ата-энесинен алыс өсүп, психикасы бузулуп калган учурлар бар. Чоң ата-чоң эненин колунда калып, айрым учурда көзөмөл жок болуп жатат. Ушундай факторлор да жаш өспүрүмгө таасирин тийгизүүдө. Мындан сырткары, учурда балдар ойногон оюндардын баары мушташуу, атышуу. Бул оюндардын балдарга психологиялык таасири абдан чоң”,-деди ал.

Иманалиев белгилегендей, окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн коопсуздукту күчөтүү керек.

“Мамлекеттик бюджеттен билим берүүгө каражат бөлүнгөндө, мугалимдердин айлык маянасына эле бөлүнөт. Ал эми мектепти оңдоп-түзөө иштерине, коопсуздук жана башка чыгымдарын мыйзамга ылайык жергиликтүү бийлик көтөрөт. Ошол себептүү биз учурда жергиликтүү бийликтен коопсуздук шарттарын күчөткүлө, акча бөлгүлө деп суранып жатабыз. Тагыраагы видеокөзөмөл коюу керек, коопсуздук кызматкерлерин көбөйтүү керек”,-деди ал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макиловдун айтымында, өткөн жылы окуучулар арасындагы кылмыштуулук боюнча өзгөчө резонанс жараткан окуялар катталган эмес.

WhatsApp Image 2025-02-14 at 06.47.49 (1).jpeg

“Быйыл жыл башында эле резонанс жарткан чуулгандуу окуялар көп катталып жатат. Окуучулардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн мугалим, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-эне биргеликте иш алып барышы керек. Биринчи кезекте ата-эне баланын окуусуна көзөмөл кылып, бала менен жакындан сүйлөшүшу зарыл. Ал эми окуялар боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет”,-деди ал.