Медербек Сатыев Кытайдын жаңы элчиси менен кызматтыштыкты талкуулады

Коом Загрузка... 20 Февраль 2025 18:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку соттун басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Медербек Сатыев алгач Лю Цзянпинди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди каалады.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ар кыл тармактардагы кызматташтык туруктуулугу жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө умтулушу менен айырмаланат. Мунун далили катары 2025-жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пекин шаарында жолугушуп, акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер ыкчам өнүгүп, жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн белгилешти", – деди ал.

Жолугушууда сот тармагындагы кызматташтык да, башка тармактар сыяктуу эле, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелерди бекемдөөдө негизги ролду ойной турганы баса белгиленди. Бул кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири – сот адилеттиги жаатындагы тажрыйба алмашуу жана мыкты практикаларды натыйжалуу колдонуу.

Өз кезегинде кытай элчиси Кыргызстандын президентинин Кытайга жасаган расмий сапары ийгиликтүү өткөнүн жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча макулдашууларга жетишилгенин белгиледи.

"Биз тарыхый рекордго жетиштик жана Кыргызстандын президентинин Кытайга мамлекеттик сапары кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүүсүндөгү жаңы тарыхый этап болуп калды десек жаңылышпайбыз",1 – деди Лю ЁЦзянпин.

Тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана достук мамилелерди бекемдөө боюнча ниеттерин тастыкташты. Жолугушууда өзгөчө көңүл санариптештирүүнү өнүктүрүүгө бурулду.

Белгилүү болгондой, санариптик технологияларды сот системасына киргизүү жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.