Сот тутумун санариптештирүү багытында программалар иштелип чыгууда - Сатыев

Коом Загрузка... 05 Ноябрь 2025 13:20
WhatsApp Image 2025-11-05 at 13.19.03.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Сот тутумунда санариптештирүү багытында программалар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда сот тутумундагы бардык иштер атайын блокторго бөлүнүп, санариптештирүүгө өткөрүлүүдө.

“Буга чейин сот тутумундагы санариптештирүү процесси азыркы замандын талабына ылайык иштеп келген эмес. Ошондуктан биз азыр сот тутумунда бардык иштерди атайын блокторго бөлүп, санариптештирүүгө өткөрүп жатабыз. Бул боюнча программалар түзүлүүдө. Кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, сот процесстери онлайн түрдө болушу керек. Бул онлайн процесс бизге ачык-айкындуулукту берет. Белгилей кетсек, мыйзам жакында эле кабыл алынып, азыр пилоттук режимде тартылып жатат”,- деди Жогорку соттун төрагасы.

Белгилей кетсек, санариптештирүүнүн алкагында өлкөдөгү сотторго QR-коддор да киргизилген.

“2024-жылы Кыргызстандагы ар бир сот имараттарына QR-коддорду киргиздик. Мындагы негизги максатыбыз эл менен соттордун ортосунда байланыш түзүү. Жарандар QR-код аркылуу кирип ой пикирин, нааразычылыгын же өздөрүн кызыктарган суроолорун калтыра алышат. Мындагы ар бир ой-пикир эске алынып, каралат”,- деди ал.