Сот тутуму өнүкмөйүн, өлкөнү реформалай албайбыз - ЖКнын төрагасы

Жогорку Кеңеш 3861 11 Март 2025 13:43
483639077_961227796190443_7968490197164533917_n.jpg
481669547_961227762857113_7950405776215708778_n.jpg
483966385_961227789523777_1843346554872928919_n.jpg
Алдыга
Артка
483639077_961227796190443_7968490197164533917_n.jpg
481669547_961227762857113_7950405776215708778_n.jpg
483966385_961227789523777_1843346554872928919_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Сот тутуму өнүкмөйүн, өлкөнү реформалай албайбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев менен болгон жолугушууда билдирди.

Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланып, анын ичинен тармакка байланышкан мыйзамдык базаны чыңдоо тууралуу сөз болду.

"Ар бир судья мыйзам талабын бекем сактап, адилеттүүлүккө, акыйкаттуулукка жана калыстыкка таянуу менен иш алып барышы керек. Анткени, судьянын чыгарган чечими бир эле адамдын тагдырына эмес, жалпы коомдун түзүлүшүнө таасир этери анык” ,– деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Ошондой эле аталган тармакты реформалоо иши жигердүү уланышы керектигине токтолду.

“Сот тутуму өзү тазаланмайын, жалпы өлкөнү реформалай албайбыз. Ошондуктан, Жогорку соттун төрагасы катары аталган маселеге өзгөчө көңүл бурушуңуз керек”,– деди.

Муну менен катар санариптештирүү жана тармактагы жаңы технологиялардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо ишин ыкчамдаттууга чакырган Нурланбек Тургунбек уулу бул аракеттер соттордун ишин алдыга жылдырууга чоң түрткү берерин билдирди.

Өз кезегинде Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев тармакты жаңылоо багытында жүргүзүлүп жаткан аракеттерге токтолуп, жакында эле өткөн судьялардын XIII курултайынын жыйынтыктары тууралуу жана түзүлүп жаткан шарттар, тутумду санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана киргизилип жаткан заманбап технологияларга токтолду.

“Буйруса жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы сезилерлик деңгээлде болот” – деген пикирин билдирди Медербек Сатыев.