Сооданы жөнөкөйлөтүү жана транзит: Женевада маанилүү сүйлөшүүлөр өттү

Экономика Загрузка... 25 Февраль 2026 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Женевада Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) башкы катчысы Ребека Гринспан менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө маектештер эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашып, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда биргелешкен долбоорлорду практикалык жактан ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет катары Кыргызстандын соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана транзиттик потенциалын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар байланыштарды үзгүлтүксүз сактоонун маанилүүлүгүн белгилешип, алдыдагы көп тараптуу иш-чаралардын алкагында, анын ичинде Кыргызстандын тоолуу демилгелерин глобалдык деңгээлде илгерилетүүдө ЮНКТАД тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалашты.