Соода-өнөр жай палатасына аймактардан 40тан ашык ишкер кошулду

Экономика 28 Май 2026 16:35
708155643_1404240045055683_8542446242670984760_n.jpg
708089070_1404240038389017_5517975033359070966_n (1).jpg
708756363_1404240078389013_5151681504365643346_n.jpg
709245497_1404240055055682_1789681317830726627_n.jpg
708089075_1404240075055680_8840099448694458564_n.jpg
707678838_1404240058389015_2869955062495808809_n.jpg
706629605_1404240061722348_8136253542500231059_n.jpg
707489937_1404240041722350_7855329150727596015_n.jpg
709079671_1404240071722347_5098055833460538821_n.jpg
708615210_1404240048389016_6565899026594221701_n.jpg
708536816_1404240051722349_2927701463169578875_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына аймактардан 40тан ашык бизнес өкүлдөрү кошулду.

Палатадан билдиришкендей, тигүү жана курулуш өнөр жайы, өндүрүш, соода, тейлөө, логистика тармагында иштеген компаниялар жана ишкерлер, ошондой эле түрдүү ведомстволордун жана чыгармачыл бизнестин өкүлдөрү кошулду.

"Мүчөлүк базанын кеңейиши бизнести өнүктүрүүнүн, ата мекендик продукцияны илгерилетүүнүн жана эл аралык байланыштарды кеңейтүүнүн эффективдүү аянтчасы катары бизнес-коомчулуктун палатага болгон ишениминин жогорулашынын айкын көрсөткүчү",-деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Соода-өнөр жай палатасы экономиканын түрдүү тармактарындагы ишканаларды бириктирип, аймактык ишкердикти өнүктүрүүгө, кичи жана орто бизнести колдоого, өнөктөштөрдү издөөгө жана кыргыз компанияларын тышкы рынокко жылдырууга активдүү көмөктөшүүдө.

Каалаган бизнес өкүлү, жеке ишкерлер, чакан бизнестен баштап ири компанияларга жана өндүрүш ишканаларына чейин Соода-өнөр жай палатасына мүчө боло алат.

Палатанын жаңы мүчөлөрү ишкердик кызматташуу, эл аралык форумдарга, көргөзмөлөргө, бизнес-миссияларга жана B2B жолугушууларына катышуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө, ошондой эле маалыматтык, эксперттик жана консультациялык колдоолорго ээ болушат.