Согушта Рафа Айдарбекова 800дөн ашык аскерге операция жасаган

Улуу Жеңишке 80 жыл 18 Апрель 2025 14:30
WhatsApp Image 2025-04-18 at 11.42.46.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-18 at 10.17.12.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-18 at 11.42.46.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-18 at 10.17.12.jpeg
Алдыга
Артка
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.04.2025 /Кабар/. Кандуу жылдары дарыгерлердин да эмгеги зор болгону айтпаса да белгилүү. Алардын ичинен өз ыктыяры менен фронтко жөнөп кеткен алгачкы кыргыз аялдардын бири Рафа Айдарбекова. Ал согуш аяктаганга чейин фронтто болуп, 800дөн ашык аскерге операция жасаган.

Бул жолу “Кабар” агенттиги Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына утурлай, Рафа Айдарбекованын жана ал менен бирге иштеген дарыгерлердин эмгегин айтып берет.

Рафа Айдарбекова Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, медицина кызматынын полковниги, 1-Москва медициналык институтунун бүтүрүүчүсү, доцент, медицина илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын эмгек сиңирген доктору. Ал айтылуу Иманалы Айдарбековдун кызы.