Соң-Көлдөн 5 чакырымдан ашык мыйзамсыз тор чыгарылды

Экология 22 Июнь 2026 10:45
727468909_1492211289621387_5364699677311814173_n.jpg
727304519_1492211369621379_6353428290633077691_n (1).jpg
Алдыга
Артка
727468909_1492211289621387_5364699677311814173_n.jpg
727304519_1492211369621379_6353428290633077691_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. 20–21-июнда Соң-Көлдө жаратылышты коргоо багытындагы кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана “Каратал-Жапырык” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан көлдөн жалпысынан 5 300 метрден ашык тор чыгарылды.

Белгилей кетсек, бул иштер Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо жана балык ресурстарын коргоо максатын көздөйт. Жаратылышты коргоо боюнча рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз уланат.