Соң-Көлдө жапайы канаттууларды байкоочу курулма орнотулду

Аймак 21 сентябрь 2026 13:30
Соң-Көлдө жапайы канаттууларды байкоочу курулма орнотулду

Бишкек, 21.09.26 /Кабар/. Нарын облусундагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Соң-Көл аймагында жапайы канаттууларды байкоого арналган атайын кароо курулмасы орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Курулма Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу” долбоорунун алкагында коруктун Батай-Арал аймагына орнотулган.

Бийиктиги 7 метр болгон темир конструкция жапайы канаттууларды жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирбестен байкоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле атайын дүрбү аркылуу эс алуучулар канаттууларды аларга жакындабай, табигый чөйрөсүндө көрө алышат.

“Соң-Көл жана анын жээктери өрдөктөр, мойноктор, чулдуктар жана башка суу-саздак жерлерди мекендеген канаттуулар үчүн маанилүү жашоо чөйрөсү болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.