Сүлүктүдө шахтадан газ чыгып, тазалоо иштери жүргүзүлдү

Аймак 3 февраль 2025 16:14
Сүлүктүдө шахтадан газ чыгып, тазалоо иштери жүргүзүлдү
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Баткенде куткаруучулар шахтаны газдан тазалашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 3-февралда саат 10:22де Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарек боюнча шаардагы 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу бөлүмүнөн жалпы 7 куткаруучу тартылган.

Белгилей кетсек, куткаруучулар шахтанын 40 метр тереңдигине чейин жол жүрүп, уранды түшүп жаап калган уклонду ачышкан. Андан соң газдан тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

"Бактыга жараша жабыр тарткандар болгон жок",-деп айтылат маалыматта.