Бишкек, 26.08.26 /Кабар/. Сиань шаарында Кыргызстандын логистикалык-транспорттук борбору курулат. Бул тууралуу кыргыз-кытай биргелешкен “Кыргыз Транс Инвест” компаниясынын кытай тараптагы башкы директору Хоу Сун Тао билдирди.
Анын айтымында, учурда Сиань шаарынын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Бул үчүн Кыргызстан аталган шаардан 9 гектар жер тилкесин сатып алууда.
“Учурда курулуш стадиясында турган Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолу ишке киргизилгенге чейин эле бул маршрут ачылат. Аны менен Сиань шаарынан Кашкарга чейин темир жол аркылуу мультимодалдык жүк ташууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Андан сырткары, 30 даана жүк ташуучу унаа даярдалууда. Алар жүктөрдү Кашкардан Ош шаарына, башкача айтканда, түштүк жол терминалына чейин ташыйт. Башкача айтканда, бул унаалар эки хабдын — кыргызстандык жана кытайлык хабдардын ортосунда жүк ташууну камсыз кылат.
Андан соң жүк темир жол аркылуу Ош шаарына жөнөтүлөт. Сиань шаарында бул компанияны түзүү жана темир жол терминалын куруу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул темир жол расмий ишке киргенге чейин эле маршруттарды ишке ашырууга, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө жана ошого жараша темир жол тармагына түшүүчү кирешени көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет”,-деп белгиледи ал.