Шыкмаматов Салык кызматынын 2025-жылдагы жетишкендиктеринин себебин айтты — Кабар

Шыкмаматов Салык кызматынын 2025-жылдагы жетишкендиктеринин себебин айтты

Экономика 6 февраль 2026 15:20
ALI_3768.jpg
ALI_3913.jpg
ALI_4173.jpg
ALI_3991.jpg
Алдыга
Артка
ALI_3768.jpg
ALI_3913.jpg
ALI_4173.jpg
ALI_3991.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.02.26 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун коллегиялык жыйында 2025-жылдагы жетишилген жыйынтыктар – бул жагымдуу конъюнктуранын же бир жолку чаралардын натыйжасы эместигин билдирди.

Шыкмаматов бул Кыргызстандын президенти жана министрлер кабинетинин тапшырмаларынын негизинде ишке ашырылган мамлекеттик саясаттын мыйзам ченемдүү натыйжасы жана эң негизгиси Салык кызматынын жалпы жамаатынын системалуу, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү эмгегинин жыйынтыгы экендигин айтты.

МСКнын төрагасы белгилегендей, 2025-жылдын эң башкы жыйынтыгы ашыкча аткарылган пландын көрсөткүчүндө гана эмес, негизги жыйынтык – бул мамлекет менен салык төлөөчүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү философиясынын өзгөргөндүгү.

“Биз “контролдоочу жана мыйзам бузуучу” моделинен “мамлекет жана өнөктөш” мамилесине өтө баштадык. Дал ушул ой жүгүртүүнүн өзгөрүшү бюджетке да, жалпы экономикага да реалдуу таасир берип, өнүгүүнүн динамикасы жана цифралар менен тастыкталды”, – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.