Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарбачылык тармагынын экспорттоочулары жана фермерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлөргө мал жана эт продукциясын экспорттоодо салыктарды кошумча эсептөө маселелери талкууланды. Салык кызматынын төрагасы ишкерлер тарабынан айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди жана көйгөйлүү маселелерди укту.
Жолугушуунун катышуучулары түзүлгөн кырдаалдын негизги себептеринин бири — айрым экспорттоочуларда малды сатып алуу наркын тастыктаган баштапкы документтердин жоктугу экендигин белгилешти. Натыйжада салык текшерүүлөрүндө иш жүзүндөгү чыгымдарды аныктоо мүмкүн болбой, киреше салыгы продукциянын толук сатуу суммасынан эсептелип, кошумча салык салууга алып келүүдө.
Эске салсак, буга чейин бул маселени жөнгө салуу максатында мыйзам кабыл алынып, кошумча эсептелген салыктын суммасын 20 пайызга чейин азайтуу каралган. Бул сумманы төлөгөндө калган 80 пайызы, ошондой эле айып пулдар жана туумдар эсептен чыгарылмак.
Ошол эле учурда ишкерлер белгилешкендей, алар үчүн сатуу суммасынын 20 пайызы да олуттуу финансылык жүк бойдон калууда. Эгерде баштапкы документтер болгондо, киреше салыгы сатып алуу жана сатуу баасынын айырмасынан эсептелип, болжол менен 10 пайызды түзмөк.
Жолугушуунун жыйынтыгында, президенттин бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мал чарбачылык экспорттоочулары үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмүн 20 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөнү сунуштады. Бул демилге ишкерлер тарабынан колдоого жана кубаттоого алынды.
Салык кызматынын төрагасы ишкерлердин бакубаттыгы өлкөнүн экономикасынын туруктуулугуна жана өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.
"Негизги милдет жана башкы талап — мыйзамдуулукту камсыз кылуу, адилеттүү салык салуу жана тартип", — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Салык кызматы салыктык башкарууну өркүндөтүү жана ишкердикти, экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерин улантат.