ШКУ алкагында ири көргөзмө: Алты өлкөнүн өндүрүшчүлөрү Бишкекте чогулат

Экономика Загрузка... 15 Май 2026 11:30
Без имени.png
copyright icon WWW

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. 4-6-июнда Бишкектеги "Жаштык арена" спорт комплексинде Ala-Too Trade and Industry Expo 2026 эл аралык көргөзмөсү өтөт.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында Biexpo компаниясы менен биргеликте уюштурулат.

Көргөзмөгө Беларусь, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан 50дөн ашуун өндүрүш компаниялары катышат. Экспозицияда:

  • машина куруу;
  • энергетика;
  • электротехникалык жабдуулар;
  • металлургия;
  • курулуш материалдары;
  • химия жана фармацевтика;
  • өнөр жай технологиялары жана башка тармактар сунушталат.

Көргөзмө B2B жана B2G форматындагы эл аралык аянтча болуп, өнөктөштүк түзүүгө, инвестиция тартууга жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Байланыш: Нагина Чокушова – +996 557 050 798.
Сайт: kyrgyzbuild.kg
Instagram: @biexpo.official