Мамлекеттик банктар 130дан ашык компания менен кызматташууну токтотту

Экономика Загрузка... 24 Июнь 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-06-24 at 08.20.51.jpeg
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда санкциялык саясат, комплаенс жана ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле өлкө үчүн финансылык тобокелдиктерди азайтуу маселелерине арналган жумушчу кеңешме өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жыйындын алкагында европалык өнөктөштөрдөн келип түшкөн маалыматтар, айрым юридикалык жактардын ишмердүүлүгү жана банк секторундагы тобокелдиктерди башкаруу маселелери каралды.

Мамлекеттик банктар эл аралык чектөө режимдерин сактоо максатында кардарларды жана төлөмдөрдү Европа биримдигинин, Улуу Британиянын жана АКШнын санкциялык тизмелерине ылайык күн сайын скринингден (кылдат текшерүүдөн) өткөрүп жатышат. Кардарларды комплекстүү текшерүү үчүн LexisNexis компаниясынын WorldCompliance эл аралык системасы колдонулат. Эгерде санкциялык тизмелер менен дал келүүлөр же шектүү жагдайлар аныкталса, андай операциялар четке кагылат же кошумча текшерүүгө алынат.

Бул багытта комплаенс-жол-жоболорун күчөтүүнүн алкагында 2026-жылдын 1-майынан тартып төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:

  • "Элдик Банк" ААК болжол менен 80 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту, дагы 40ка жакын компания боюнча текшерүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле жыл башынан бери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шектүү операциялар тууралуу 13 миңге жакын билдирүү жөнөтүлгөн.
  • "АБанк" ААК 51 компания менен кызматташууну токтотту, дагы 40ка жакын ишкана текшерилүүдө. Өлкөнүн тийиштүү органына шектүү операциялар боюнча 4 миңге жакын маалымат берилген.

Мындан тышкары, көзөмөлдү туруктуу жүргүзүү жана эл аралык санкциялык талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүү үчүн мамлекеттик банктарда санкциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча атайын комитеттер түзүлдү.

"Кыргызстан өзүнүн финансылык тутумунун жана юрисдикциясынын эл аралык чектөө чараларын айланып өтүү үчүн пайдаланылышына жол бербөө боюнча ырааттуу чараларды көрүүнү жана эл аралык өнөктөштөр менен ачык-айкын кызматташууну улантат",-деп айтылат маалыматта.
WhatsApp Image 2026-06-24 at 08.20.51 (1).jpeg