Клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасына үстүбүздөгү жылдын май айында самокат, скутер сыяктуу жеке мобилдүү каражаттардан 13 адам оор жаракат алып ооруканага жатса, 46 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул бир гана Клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасындагы көрсөткүч, эгер шаар боюнча №3 балдар ооруканасы, Чүй облустук ооруканасы, травматологиялык пункт, Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндөгү кайрылууларды эсепке алганда көрсөткүч мындан да 3-4 эсеге көп болушу мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев акыркы беш айдын ичинде Бишкекте мопед, скутер жана самокаттардын катышуусунда 186 кырсык катталып, андан 6 адам каза болуп, 207 адам жаракат алганын билдирди. Маалымдалгандай, бул былтыркы жылдын беш айына салыштырганда 118,8 пайызга көп.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы борбор калаада электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салууну, жеке колдонуу үчүн сатып алган адамдарга гана башкарууга уруксат берүүнү быйыл да сунуштады. Анткени, бул демилге былтыр да көтөрүлүп, ишкерлик мыйзамдарына каршы келери айтылып колдоого алынган эмес.
Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен тартып, эреже бузган самокат айдоочулардын жоопкерчилиги кароо боюнча Минкабдын “Жол кыймылынын эрежелери жөнүндө” жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомуна ылайык, электр самокат, электр скейтборд, гироскутер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка жекече мобилдүү каражаттардын жүрүү эрежеси иштелип чыккандыгын ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

“Учурда жеке мобилдүү каражаттар деген түшүнүктү жол кыймылынын эрежелерине киргизүүдөбүз. Жол кыймылынын эрежелери китепчеге киргенден кийин расмий түрдө айып пул салынып, жоопкерчилиги карала баштайт”,- деди ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси.
Бул эрежеге ылайык, 7 жашка чейинки жеке мобилдүү каражаттар менен жүргөн жарандар ата-энесинин коштоосу жана башында коопсуздук шлеми менен жүрүүсү шарт. Ал эми 7-14 жашка чейинки самокат менен жүргөндөр тротуарда, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдордо жана велосипедчендер жүрүүчү тилкелерде жүрүүгө милдеттүү.
Ошондой эле жеке мобилдүү каражаттардын сөзсүз үн чыгаруучу, сигнал берүүчү каражаттары, тормоздук системасы ошондой эле алды жана каптал тараптарында жарык чагылдыруучу каражаттары болуусу шарт.

Жеке мобилдүү каражаттардын ылдамдыгы саатына 25 чакырымдан ашпоого тийиш;
-Жеке мобилдүү каражаттар менен жүктөрдү ташууга жана кошумча чиркегичтерди чиркөөгө тыюу салынат.
Бул эрежелердин баары жол кырсыктарынын алдын алууга багытталып, эрежени сактабаган жеке мобилдүү каражаттардын башкаруучуларына 1000-3000 сомго чейин айып пулдар салынарын Байказы Айтикул уулу кошумчалады.
Акыркы күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө жеке мобилдүү каражаттар көбөйүп, жөө жүргүнчүлөр, айдоочулар үчүн кооптуу болуп баратканын эл өкүлдөрү да байма-бай айтышууда. Шаардык кеңештин комиссиясынын отурумунда депутат Улукбек Карыбек уулу скутерлер шаардыктарга жана айдоочуларга коркунуч жаратып жатканын билдирди. Ал самокаттар, скутерлер көчөнүн ар кайсы жеринде калып, тротуарлардын көп бөлүгүн ээлеп, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, маселени сессияга алып чыгууну сунуштады. Эл өкүлү Эркин Бахтияров кызмат көрсөткөн фирмалардын мэрия менен келишимин карап чыгууну, эгер жок болсо, тротуарлардан скутерлерди алып салууну сунуштады. Отурумда борбор калаада жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү менен 3 жеке компания алектенери да маалымдалды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын маалыматына ылайык, беш ай ичинде шаарда жалпысынан 1 миң 612 жол кырсыгы катталып, 33 адам каза болсо, 1 миң 954 адам жабыркаган. Мында жол кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 50 пайызга өскөн. Жол кырсыктарынын көп катталышына жеке мобилдүү каражаттардын көбөйүшү да себеп болуп жатканы аныкталды.