Салык кызматында накталай эмес эсептешүүлөрдөгү көйгөйлөр талкууланды

Экономика Загрузка... 21 Январь 2026 12:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы накталай эмес эсептешүүлөр чөйрөсүндөгү бизнестин актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешменин максаты ишкерлер жана керектөөчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтууга багытталган биргелешкен ыкмаларды жана чечимдерди иштеп чыгуу, накталай эмес төлөм каражаттарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле бизнести жүргүзүү үчүн тең жана ачык шарттарды түзүү болду.

Жолугушууда QR-код жана электрондук капчыктарды колдонуудагы көйгөйлөр, ошондой эле төлөмдөрдүн коопсуздугу менен ыңгайлуулугу талкууланды.

Ошондой эле жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга катталган төлөм каражаттарына өтүү учурунда пайда болгон кыйынчылыктарга басым жасалды. Бул маселелерди чечүү банктардын жана башка тиешелүү уюмдардын компетенциясына кирери баса белгиленди.

Мындан тышкары, акчанын түшүүсүн тездетүү, тарифтерди оптималдаштыруу жана документ иштерин азайтуу сыяктуу техникалык маселелер талкууланды.

Катышуучулар накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экенин билдиришти.

Салык кызматы бизнеске шарт түзүү жана заманбап төлөм системасын өнүктүрүү боюнча ишин улантат.