Салык кызматы: Мөөнөтү өткөн 10 тонна таттуулар жок кылынды

Экономика Загрузка... 06 Март 2026 14:30
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда мөөнөтү өтүп кеткен жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унаа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган продукциянын бир бөлүгү белгиленген тартипте эсепке алынбаганы, ал эми товарлардын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткендиги белгилүү болду. Табылган продукциянын жалпы салмагы болжол менен 10 тоннаны түздү.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар мындан ары сот тартибинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Соттун чечимине ылайык, мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун аймагында өрттөө жолу менен жок кылынды.

Салык кызматы эсепке алынбаган продукцияны, ошондой эле коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды сатууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.