Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Бизнести агартуу кербени – салык реформасынын чакырыктары" маалыматтык долбоорун ишке ашырууну улантууда. Долбоор JIA Бизнес Ассоциациясы жана КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Ведомстводон маалымдашкандай, 25-марттан 1-апрелге чейин Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Нарын шаарларында салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөргө жана салык системасындагы реформаларга карата түшүндүрүү боюнча жолугушуулар өттү.
Иш-чараларга 1000ден ашык салык төлөөчүлөр катышты.
Мындан тышкары, ишкерлер Салык кызматынын кызматкерлеринен салык салуу маселелери боюнча жеке консультацияларды алышты.
Кийинки жолугушуулардын графиги:
- 3-апрель – Каракол шаары, 10:00
- 8-апрель – Талас шаары, 10:00
- 10-апрель – Токмок шаары, 10:00
- 15-апрель – Кара-Балта шаары, 10:00
- 16-апрель – Бишкек шаары, 10:00.
Белгилей кетсек, "Бизнести агартуу кербени" – бул ишкерлерге бизнести ийгиликтүү жана мыйзамдуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтарды алууга эң жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.