Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы мөөнөтү жакындап калганын эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, 1-майга чейин декларацияны төмөнкү категориядагы жарандар тапшырууга милдеттүү:
- жеке ишкерлер (патенттин негизинде, өзгөчө режимдеги соода зонасында жана бирдиктүү салыктын 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкалары боюнча иштегендерден, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынан тышкары);
- эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КРдин жарандары;
- отчеттук мезгил ичинде кирешесинен киреше салыгы кармалбаган жеке жактар.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.