Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда таза, табигый май өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурула баштады. Анын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү 1995-жылдан бери сафлор өстүрүп, андан май чыгарган "Шабане" дыйкан чарбасынын иши менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул чарбанын өзгөчөлүгү — алар сырттан чийки зат сатып албай, сафлорду өздөрү эгип, өздөрү иштетип, даяр май катары сатыкка чыгарышат. Башкача айтканда, талаадан баштап дүкөн текчесине чейинки бардык процессти өздөрү көзөмөлдөшөт.
Мындан тышкары, бул ишкана жергиликтүү эл үчүн да пайдалуу кызматтарды сунуштайт. Мисалы, каалоочулар өздөрү өстүргөн өсүмдүктөрүн алып келип, муздак ыкма менен (витаминдерин сактап) май сыгып алса болот.
Азыркы тапта чарбада чийки заттын жетишсиздиги жана суу маселеси негизги көйгөй болууда. Буга байланыштуу мамлекет аталган дыйкан чарбасына "30+20+10" долбоору аркылуу төмөнкүдөй колдоолорду көрсөтүүнү пландап жатат:
- сууну үнөмдөө жана түшүмдү арттыруу үчүн заманбап сугаруу технологияларын киргизүү;
- өндүрүштү кеңейтүү үчүн чарбага жеңилдетилген шартта кошумча жер тилкелерин берүү;
- ишкананын үзгүлтүксүз иштеши үчүн керектүү инфраструктураны жакшыртуу.
Бул кадамдар дүкөндөрдө сырттан келген эмес, өзүбүздүн жергиликтүү, таза жана ден соолукка пайдалуу сафлор майынын көбөйүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле, мындай ийгиликтүү чарбаларды колдоо аркылуу өлкөнүн айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгаруу көздөлүүдө.