Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салды

Президент 4470 14 Февраль 2025 15:20
479193265_9288926484487278_6897459173104928258_.original.jpg
479198174_9288930857820174_6388969034869603078_.original.jpg
479191705_9288927694487157_1635343462602081812_.original.jpg
480243979_9288925184487408_2702412217136607807_.original.jpg
480228959_9288929127820347_5844909041411900129_.original.jpg
480184909_9288929444486982_4881781513972548531_.original.jpg
480149727_9288928517820408_1132133659336044138_.original.jpg
480112127_9288930591153534_8182893447357860743_.original.jpg
480087336_9288930154486911_5596639849707491654_.original.jpg
477808135_9288931587820101_6852169631435343871_.original.jpg
480045877_9288926631153930_8238516198715529812_.original.jpg
479993271_9288927464487180_6974714997427816909_.original.jpg
477072316_9288929797820280_1309537985597320964_.original.jpg
477794536_9288930761153517_5140754062107430012_.original.jpg
479187807_9288928391153754_3375837247664538305_.original.jpg
477787683_9288926411153952_2725751348823725873_.original.jpg
477436078_9288928434487083_3968358088697106495_.original.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө долбоордун негизги максаты – мамлекеттик саясаттын алкагында региондорду туруктуу өнүктүрүү экенин белгиледи. Заманбап ыкмаларды активдүү колдонуу жана массалык турак жай курулушун өнүктүрүү маанилүү аспект. IT-тармагын колдоо аркылуу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Ош шаарынын жана жалпы өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, технологиялык өнүгүүсүн ылдамдатуу болуп саналат.

“Бул долбоордун аркылуу меймандос жана көп этностуу Ош ынтымак байырлаган баалуулуктары менен катар жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий жана материалдык көрөңгөсүн байытып, Улуу Жибек жолунун ири провайдери болуп калат. Шаар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын чордонунда дүйнөнүн туш тарабынан агылып кирип-чыккан туристтердин сүйүктүү аймагына айланат. Шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу жана ар тараптуу өнүктүрүү Ошту жашоо жана бизнес үчүн кыйла ыңгайлуу кылат. Бул багыттагы кадамдардын негизгилеринин бири – “Ош-сити” долбоору жана анын IT шаарчасы”, - деп билдирди Садыр Жапаров. 

Ал IT шаарчасы - жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болорун баса белгиледи. Долбоордун алкагында калктын жана бизнестин талаптарына жооп берген заманбап жана ыңгайлуу инфратүзүмдөр - турак-жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилер курулат. 

“Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу маалында жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана курулуш, маалымат технологиялары сыяктуу экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Курулуш учурунда миңдеген жумуш орундары түзүлүп, бир четинен миграциянын деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этет. IT-шаарчасы салынып бүткөндөн кийин турак-жай тейлөө, соода жана кызмат көрсөтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо, IT-чөйрөсүндө жумуш орундары уюштурулат”, - деп белгиледи президент. 

Ал бул долбоордун алкагында жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак-жай комплекси куруларын кошумчалады. Алардын бир бөлүгү жарандарыбыз ипотекалык программа менен сатып алуусу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Турак жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат. 

“Көп тармактуу жаңы турак-жай комплексинде балдар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүүчү мектептер, бала бакчалар курулат. IT-шаарчасынын тургундарын медициналык жактан тейлөө үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган көп тармактуу медициналык мекеме салынып, ал амбулатордук бөлүм, төрөт үйү жана диагностикалык борборлорду камтымакчы. Андан сырткары, спорттук залдар, жөө басууга ыңгайлуу өзүнчө жолдор, веложолдор, жашыл зоналар менен эс алуу аймактары, балдар үчүн оюн аянтчалары жана чоңдор үчүн активдүү эс алуу аймактары курулат”, - деди мамлекет башчысы. 

Ал белгилегендей, шаарча Кыргызстандын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартып, жаңы технологиялык демилгелердин башат алган жерине айланат. 

Президент долбоор Ош шаарынын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүшүн камсыз кыла турган маанилүү кадам болуп саналарын баса белгиледи. Ал келечекте жалпы эле региондун заманбап технологиялык жана социалдык борборуна айланышы керек. 

Иш-чаранын соңунда президент Садыр Жапаров Ош шаарынын жана Ош облусунун муктаждыктары үчүн сатылып алынган автоунаалар жана атайын техникалар менен таанышты.