Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга расмий сапары менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин кеңейтилген курамдагы жыйыны өтүүдө.
Анда Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтык маселелери талкууланууда.
Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн иштерди мындан ары да улантуу керектигин белгилешүүдө.
Жолугушуунун алкагында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Белгилей кетсек, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен 31-августта келген.