Садыр Жапаров: Мекенибиз ийилди, бирок сынбады

Президент 11 сентябрь 2026 23:02
Садыр Жапаров: Мекенибиз ийилди, бирок сынбады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров эгемендик алгандан кийинки алгачкы жылдары Кыргызстан экономикалык оор кыйынчылыктарды тартып, бир катар коомдук-саясий өзгөрүүлөрдү башынан кечиргенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы Талас шаарындагы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айтты.

“Эгемендик алгандан кийинки алгачкы жылдары өлкөбүз экономикалык оор кыйынчылыктарды тартты, бир топ коомдук-саясий өзгөрүүлөрдү башынан кечирди. Аз жерден эли ичи ыдырап, мамлекеттүүлүгүбүздүн өзөгүнө шек келген күндөр да болду. Мекенибиз ийилди, бирок сынбады. Мамлекеттин түптөлүшү үчүн тагдыр чечер татаал чечимдер кабыл алынды. 35 жылдык мезгил ичинде кыргызстандыктар көптөгөн сыноолорду урагыс биримдик жана бекем сабыр менен жеңип, элдүүлүгүбүздү сактай алды. Эң башкысы – эгемендигибиз чыңдалды. Бүгүн Кыргызстан мамлекеттик аймактык бүтүндүккө ээ, Конституциясы, мамлекеттик институттары, улуттук валютасы, армиясы жана тышкы саясаты жөнгө салынган кубаттуу өлкөгө айланууда”, – деди президент.