Рустам Кошонов Анталиядагы башкы консулу кызматынан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор 27 март 2026 16:05
Рустам Кошонов Анталиядагы башкы консулу кызматынан бошотулду

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Кошонов Рустам Анарбекович Түркиянын Анталия шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгиленгендей, Рустам Кошонов ээлеген кызматынан дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бошотулган.