Рустам Балтабаев айыл чарба министринин орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 24 Март 2026 15:33
WhatsApp Image 2026-03-24 at 15.47.01.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Рустам Балтабаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин жаңы орун басары агроөнөр жай комплексинде тажрыйбалуу жетекчи катары белгилүү.

Ал буга чейин Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору болуп эмгектенип, тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырган.

Жаңы кызматында ал кайра иштетүү, органика жана экспорт багыттарында иш алып барат.