Руслан Татиков финансы министринин орун басары кызматынан бошотулду

Коом 7 февраль 2025 13:34
Руслан Татиков финансы министринин орун басары кызматынан бошотулду

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Татиков Руслан Сатылганович финансы министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Татиков бул кызматка 2021-жылы августта дайындалган. Ага чейин 2018-жылдан тарта Экономика министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.