Россияга кире турган кыргызстандыктар 72 саат мурун “кирүү тууралуу кабарлоо” жөнөтүшү керек

Коом Загрузка... 29 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-29 at 10.48.04.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек,29.01.25./Кабар/. Россияга кирген кыргызстандыктар 72 саат мурун “кирүү тууралуу кабарлоо” жөнөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн брифингде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Бакыт Кадыров билдирди.

Анын айтымында, ар бир өлкө коопсуздук жана башка себептерден улам миграциялык мыйзамдарын өзгөртүүгө жана оңдоого укуктуу. Россия миграциялык мыйзамга 30га жакын өзгөртүү киргизди. Анын ичинде "кирүү билдирүүсү" деген эксперименталдык пункт киргизди.

Башкача айтканда, 30-июлдан баштап Россия Федерациясына кирүүчү ар бир кыргызстандык келээрине 72 саат калганда өлкөгө кирүүсү тууралуу билдирүү жөнөтүп, сапарынын максатын айтышы керек.

Ошондой эле аталган жаңы тартип боюнча түшүндүрүүнү күтүлүп жатканы белгиленди.

Муну менен катар бул жаңычылдык учурда иштелип жатканы айтылып, бул виза эмес, эксперимент экенин кошумчалады.