Россиядан келген ири көлөмдөгү курулуш материалы артка кайтарылды

Экономика Загрузка... 11 Май 2026 15:30
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" фитосанитардык текшерүү постунда Россиядан келе жаткан ири көлөмдөгү жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-майда курулуш материалдарды текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталган. Башкача айтканда, фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар транспорттук (товар коштоочу) документтерге дал келген эмес жана товарды алуучулардын даректери ар башка көрсөтүлгөнү белгилүү болду.

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартибине ылайык, аталган жүк токтотулуп, артка кайтарылды.