Россиядагы “Крокус сити холдогу” теракт боюнча иш сотто каралат

Дүйнө Загрузка... 06 Февраль 2025 13:13
WhatsApp Image 2025-02-06 at 09.52.04.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Россияда “Крокус сити хол” концерттик залындагы теракт боюнча тергөө аяктап, иш эми сотто каралат. Бул РИА новости билдирет.

Агенттиктин маалыматын ылайык, “Крокус сити хол” концерттик залындагы теракка байланыштуу иш 20-марттан кийин сотко өткөрүлөт деп күтүлүүдө.

Эске салсак, 2024-жылдын 22-мартында Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы “Крокус сити хол” концерттик залында теракт болуп, кол салгандар имараттагы адамдарга автоматтан ок чыгарып, залды өрттөп салышкан. Анын кеспетинен кеминде 145 адам каза болгон.