Россияда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар 30-апрелге чейин документтерин тууралаш керек - ТИМ

Коом Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.01.25./Кабар/. Россия Федерациясынын президентинин жарлыгы менен Россиянын аймагында мыйзамсыз же белгилүү бир тартип бузуулар менен жүргөн мигранттар 2025-жылдын 30-апрелине чейин абалын жөнгө салышы керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Бакыт Кадыров бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар буга чейин Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жарандарга тиешелүү.

"Россияда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталган миграциялык саясат жаатында 30дан ашык мыйзам кабыл алынган. Өлкөдө миграциялык эрежелерди бузган чет элдик жарандар үчүн депортациялоо режими бар. Кыргызстандын жарандары өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырып же өлкөдөн депортация болбостон чыгып кетүүгө тийиш. Жаңы миграциялык мыйзамдарга ылайык, кырдаал жөнгө салынбаса, 30-апрелден кийин мыйзам бузгандарга административдик айып салынып же депортацияланышы мүмкүн",-деди ал.