Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) жана "Металл Торг Сервис" компаниясы каржылоонун сегизинчи этабы боюнча 10 млн долларга келишим түздү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Бул каражаттар өлкөнүн курулуш тармагын металл прокаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жүгүртүү капиталын толуктоого багытталат.
Он жылдык кызматташтыктын ичинде фонд ишканага жөнөкөй трейдерден кубаттуу өнөр жай өндүрүүчүсүнө чейинки жолду басып өтүүгө жардам берди. Бүгүнкү күндө "Металл Торг Сервис" — бул 28 миң чарчы метр аянтты ээлеген заманбап өндүрүштүк хаб. Учурда ишканада 700дөн ашык адам эмгектенет, ал эми жакын арада жумуш орундарынын санын 1000ге чейин жеткирүү пландалууда.
Компания жыл сайын мамлекеттик бюджетке 2 млрд сомдон ашык салык төлөйт. Өндүрүштүк кубаттуулуктар Кыргызстандын муктаждыгын ата мекендик өндүрүштүн эсебинен 50 пайызга жабууга мүмкүндүк берет.
РКӨФ төрагасы Артем Новиков белгилегендей, мындай компаниялар менен өнөктөштүктүн так максаты бар.
"Ишкана өлкөнүн курулуш рыногундагы импорттук продукциянын 50 пайызга чейинкисин алмаштырып жатат. Ошондой эле ири мамлекеттик курулуш долбоорлорун, биринчи кезекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) объекттерин ата мекендик металл менен камсыз кылууда", — деди ал.
Компанияны өнүктүрүүдө технологиялык артыкчылыкка өзгөчө көңүл бурулат. "Металл Торг Сервис" фонддун колдоосу менен заманбап автоматташтырылган линияларды киргизген. Бул рынок үчүн уникалдуу продукцияларды, мисалы, бышыктыгы жогорулатылган жогорку сапаттагы цинктелген зымдарды чыгарууга мүмкүндүк берет.