Республикалык бюджеттин аткарылышы: Парламент комитети отчетту жактырды

Жогорку Кеңеш 14 сентябрь 2026 18:40
810215420_1947326982626193_7793033282533514239_n.jpg
808763914_1720346245688556_2739545567956436464_n.jpg
810319737_1779902790060798_4252240119259927286_n.jpg
809656920_2311219062750835_2905962991982250632_n.jpg
809373965_2135661687017480_5161107047156734683_n.jpg
Алдыга
Артка
810215420_1947326982626193_7793033282533514239_n.jpg
808763914_1720346245688556_2739545567956436464_n.jpg
810319737_1779902790060798_4252240119259927286_n.jpg
809656920_2311219062750835_2905962991982250632_n.jpg
809373965_2135661687017480_5161107047156734683_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында 2025-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу министрлер кабинетинин отчету угулуп, жактырылды.

Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев кеңири маалымат менен тааныштырып, негизги экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Талкуу маалында комитет төрайымы Гүлкан Молдобекова өткөн жылы аныкталган финансылык мыйзам бузуулар жана аларды жоюу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыкса, эл өкүлдөрү Гүлнара Баатырова жана Улукбек Карыбек уулу өздөштүрүлбөй калган бюджеттик каражаттар тууралуу маселени көтөрүштү. Баяндамачы белгилегендей, өздөштүрүлбөй калган каражаттардын көлөмү 1,4 пайызды түзөт. Муну менен катар, эл өкүлү Жылдыз Эгенбердиева аймактардагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытында бюджетти пландаштыруунун сапатын жогорулатуу керектигин билдирди.

Ал эми депутат Алтынбек Кудайбердиев саламаттык сактоо жана билим берүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул тармактарда бюджеттик каражаттардын өздөштүрүлбөй калышына жол бербөө зарылдыгын айтты.

"Мисалы, саламаттык сактоо системасына 44 млрд сом каралып, анын ичинен 1,5 млрд сомго жакын каражат өздөштүрүлбөй калган", – деди ал.