Рейд уланууда. 1100дөн ашуун мотоцикл айып короо жайына токтотулду

Укук тартиби Загрузка... 08 Июль 2025 09:50
copyright icon WWW

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Жыл башынан тартып 1100дөн ашуун мото-скутер, мотоцикл айып короо жайына токтотулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жарандарга тынчтык бербей, катуу үндөрдү чыгарып, кошумча жабдыктарды орнотуп алган мото-скутер, мотоциклдерге рейддик иш-чаралар жүрүүдө.

"Эгерде жол эрежелерин одоно бузган мотоцикл айдоочуларын көрсөңүздөр 0️⃣7️⃣7️⃣7️⃣ 1️⃣0️⃣2️⃣ 1️⃣0️⃣2️⃣ватсап номерине жөнөтүп койсоңуздар болот. Биз тараптан тийиштүү чаралар көрүлөт", - деп кайрылышты жарандарга ЖКККББдан.