Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн эки орун басары алмашты — Кабар

Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн эки орун басары алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 3 июль 2025 11:45
33243242_1_zjg9DkN__oSBmikd.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
515502653_1492317032179722_1272277773810261023_n.jpg
514866478_1492319138846178_7768494605055944689_n.jpg
514351283_1492317198846372_2442519244109986390_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эки орун басары алмашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сапаров Адыл Солтоевич президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызмат ордунан бошотулду.  Анын ордуна Сапарбеков Руслан Жайлообекович дайындалды.

Ошондой эле Шабдан Абдырайым уулу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Иманалиева Айдана Керимбековна дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.