Президент: Жерүй кени 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом которду

Аймак
Президент: Жерүй кени 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом которду
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Жерүй алтын кени 2026-жылдын тогуз айында мамлекеттик казынага 20 млрд сом которду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Талас өрөөнүндөгү Жерүй кени аймактын башкы байлыгы болуп саналат жана көлөмү боюнча Кыргызстандагы экинчи ири алтын кени болуп эсептелет.

"Бүгүнкү күндө Талас өрөөнүндө аймактын башкы байлыгы жана көлөмү боюнча Кыргызстанда экинчи орундагы алтын кени Жерүй кени иштеп жатат. Аны "Альянс Алтын" компаниясы иштетип, миңге жакын адамды жумуш орду менен камсыз кылууда. Алардын басымдуу бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзөт", — деди президент.

Садыр Жапаров белгилегендей, тоо-кен ишканасы республикалык бюджетке киреше салыгын, кошумча нарк салыгын, пайда салыгын, ошондой эле лицензияларды кармап туруу үчүн төлөмдөрдү жана бонустарды төлөйт.

Мындан тышкары, кенден түшкөн каражаттын бир бөлүгү жергиликтүү бюджетке жана облусту өнүктүрүү фонддоруна багытталат. Жерүй кени 2021-жылдан бери жергиликтүү фонддорго 3,5 млрд сом которгон.

Маалымдалгандай, бул каражаттын 50 пайызы Талас облусун өнүктүрүү фондуна жана жалпы облустук ири программаларга, 30 пайызы Талас районунун өнүктүрүү фондуна, ал эми 20 пайызы кен жайгашкан Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн бюджетине бөлүнөт.