Президент: “Ырыс-Ордо” Кыргызстандын эл аралык дипломатиядагы жаңы аянтчасы болот

Президент 24 Август 2026 21:05
783508051_27932139246427618_6830973102935028016_n (2).jpg

Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Ырыс-Ордо” конгресс-борборунун ачылышында анын маанилүүлүгүнө токтолуп, бул жай Кыргызстанда мамлекеттик жана эл аралык маанидеги ири иш-чараларды өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

Анын айтымында, жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашкан заманбап комплекс бир учурда 2 миңден ашуун конокту кабыл алууга ылайыкталган. Борбордо 1 238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1 000 орундуу банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө арналган заманбап залдар бар.

“Бул жерде Элдик курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушууларды, ири эл аралык форумдарды, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө болот. Бул имараттар мамлекеттик иш-чаралар үчүн гана эмес, жеке жактар жана өкмөттүк эмес уюмдар үчүн да ачык”, - деди президент.

Мындан тышкары, расмий делегацияларды жана жогорку даражалуу конокторду кабыл алууга арналган 8 конок үй курулган. Президент аларды чет өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу меймандар үчүн коммерциялык негизде пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

“Ырыс-Ордо” келечекте дүйнөлүк саясаттын күн тартибиндеги маанилүү маселелер талкууланган ири эл аралык уюмдардын саммиттерин өткөрүүчү аянтчага айланат. Шанхай кызматташтык уюмунун, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун, Евразия экономикалык биримдигинин, Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка ири эл аралык уюмдардын саммиттерин, лидерлердин жолугушууларын, глобалдык форумдарды өткөрүүчү маанилүү аянтча болуп берет”, - деди ал.

Президент мындай ири иш-чаралардын Кыргызстанда өтүшү өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатып, геосаясий маанисин бекемдей турганын белгиледи.

“Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөбүз ири чечимдер кабыл алынуучу эл аралык дипломатиянын жаңы борборуна айланат. Буюрса, бул жерде кабыл алынган тарыхый чечимдер, түзүлгөн эл аралык келишимдер дүйнөлүк тарых барактарында “Бишкек декларациясы” же “Ырыс-Ордо келишимдери” деген ат менен кылымдарга кала тургандыгына терең ишенем”, - деди мамлекет башчысы.