Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Малайзияга келди

Президент 1470 24 Июнь 2025 20:07
FB_IMG_1750773988439.jpg
FB_IMG_1750773980959.jpg
FB_IMG_1750773985209.jpg
FB_IMG_1750773986734.jpg
FB_IMG_1750773990975.jpg
FB_IMG_1750773993180.jpg
FB_IMG_1750773995010.jpg
FB_IMG_1750773998303.jpg
FB_IMG_1750773999855.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1750773988439.jpg
FB_IMG_1750773980959.jpg
FB_IMG_1750773985209.jpg
FB_IMG_1750773986734.jpg
FB_IMG_1750773990975.jpg
FB_IMG_1750773993180.jpg
FB_IMG_1750773995010.jpg
FB_IMG_1750773998303.jpg
FB_IMG_1750773999855.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарына келди.

Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунан Мамлекет башчыны Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди.

Эске сала кетсек, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүктүрүү келечеги талкууланат.