Президент: Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан жалпы элдики, жамы журттуку

Президент 25 Август 2026 09:30
786837535_1671219114602677_8458643135090084326_n.jpg
784075775_1688983396107024_5582458744876872502_n.jpg
786837535_1671219114602677_8458643135090084326_n.jpg
786778347_1423182512960965_9066524695674840060_n.jpg
784232205_1825584865477420_5444203460076366360_n.jpg
784617497_2139613886931912_6016727825140809897_n.jpg
786071075_912428748586240_5795347496627392025_n.jpg
786071045_4579011415700267_8400270065932354646_n.jpg
784389310_1364669182505607_6917854785875835170_n.jpg
785979771_1548963610311771_1241613487049352539_n.jpg
778985323_871896479337998_689573189294204073_n.jpg
784506889_1064425363012083_5256442256373217139_n.jpg
783162357_1046119818028121_888086436816252323_n.jpg
784328082_1680098513089702_7609296136486611620_n.jpg
784796508_1048129228105226_6229913741716111918_n.jpg
784734071_1603574064455033_4850639140901013459_n.jpg
780374907_2191889055062574_3993985411208432353_n.jpg
786756268_2090666811561752_8671236803018253755_n.jpg
785080726_1078357421367089_660921307622644740_n.jpg
778972327_1555736235855385_1398259918747567127_n.jpg
784402976_3311516665700283_8860721294276729547_n.jpg
780840948_1592977095704937_2084690550764986758_n.jpg
784797185_2150340332214795_7116026665805750627_n.jpg
785722725_1060595696824125_8900033183387120139_n.jpg
785146432_911066052066158_4208423051175455269_n.jpg
783985368_1073098811836868_1336134974467871265_n.jpg
786035757_1574913587429951_3035824996971996297_n.jpg
784389887_1564547788754687_7676801022700653492_n.jpg
786339804_2360442141428898_7268576861648143975_n.jpg
786176526_1602432761252470_75452737277276527_n.jpg
784351526_1474738087750982_9102401797016403023_n.jpg
778972790_1457262056542847_6472987443354544665_n.jpg
785993177_1081795857598910_8770894370967280798_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 24-августта Бишкек шаарындагы “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

“Ырыс Ордо” имаратына келгенде мамлекет башчысын ардактуу кароол ротасы тосуп алды.

Комплекстин кире беришинде президент жаңы этаптын башталышын жана жолдун шыдыр болушун тилек кылган байыркы тушоо кесүү салтын символдоштуруп, имараттын боосун чечти.

Андан соң Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучулары — парламенттин, министрлер кабинетинин жана сот тутумунун жетекчилери, министрлер, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, мурдагы мамлекеттик жетекчилер жана өкмөт мүчөлөрү, дин, маданият жана спорт ишмерлери, ошондой эле башка ардактуу коноктор чогулган  “Курултай” залына өттү.

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, бул күндүн тарыхый маанисин белгиледи. Ал “Ырыс Ордо” өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн, өнүгүүгө болгон умтулуусун жана келечекке карай багытын чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символуна айланып жатканын белгиледи.

Президент элдин биримдиги мамлекеттин бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизги пайдубалы экенин баса белгиледи.

“Учурдан пайдаланып, жалпы эле жаштарга бир насаат айта кетейин деп турам. Мына ушул залда эгемендүүлүк алган 35 жылда “Мен саясатчымын”, “Мен чын өнүктүрөм”, “Мен кыйынмын” деген дөө-шаалардын 100 пайызы чогулуп отурабыз.

Эгемендүүлүктү алган 35 жылда биз бир-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, бир-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка, ийгиликке жетишкен жок.

Ошондуктан сиздер, урматтуу жаштар, биздин муундун ушундай терс жагынан үлгү албай, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек.

Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку! Ынтымагы бекем, руху бийик, жаркын келечегине ишенген ырыстуу өлкөнү бирге куралы!”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кыргызстандын эл аралык аренадагы ролу күчөп жатканына өзгөчө токтолуп, бул өлкөдө ири эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтчалардын болушун талап кыларын айтты. Ушундай шартта “Ырыс Ордо” эл аралык дипломатия жана масштабдуу иш-чаралар өтүүчү жаңы аянтчага айланат.

“Ырыс Ордо” конгресс борбору дүйнөлүк саясаттын күн тартибиндеги эң орчундуу маселелер каралган Шанхай кызматташтык уюмунун, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун, Евразия экономикалык биримдигинин, Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка ири эл аралык уюмдардын, лидерлер саммиттеринин, глобалдык форумдардын аянтчасы болуп берет.

Мындай ири иш-чаралардын өтүшү менен Кыргызстандын эл аралык аброю жана геосаясий имиджи артат. Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөбүз ири чечимдер кабыл алынуучу эл аралык дипломатиянын жаңы борборуна айланат”, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы “Ырыс Ордо” конгресс борбору жана “Бишкек Арена” стадиону толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулганын өзгөчө белгиледи.

“Бүгүн өлкөбүздүн ири инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетип калды. Биз муну баалай билишибиз керек. Бул – Кыргызстан өз күчүнө жана өз ресурстарына таянып, өз алдынча өнүгүп жаткандыгынын түздөн-түз далили”, — деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров кыргызстандыктарды дүйнөнүн көңүлүн бура турган алдыдагы ири иш-чараларды — Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын татыктуу өткөрүүгө чакырды.

“Ушундан улам, бир муштумга түйүлгөн биримдиктүү эл, ынтымактуу журт экенибизди дагы бир жолу тастыктап, алдыдагы эл аралык иш-чараларды чогуу-чаран, мыкты деңгээлде: так логистика менен, коопсуздук жана жогорку сапаттагы тейлөө менен, оюндарды кара кылды как жарган калыстык менен өткөрүп алалы. Кыргыз жергесине кадам таштаган ар бир мейманды татыктуу тосуп, бүткүл дүйнөгө кыргыз элинин меймандостугун, көөнө маданиятыбызды жана бай салт-санаабызды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жакшылап пайдаланалы”, - деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, заманбап көп функционалдуу “Ырыс Ордо” конгресс борбору 39 миң чарчы метрден ашык аянтка курулуп, бир учурда 2 миңден ашык конокту кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Конгресс борбордо 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 орундуу банкет залы, 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө арналган заманбап залдар бар.

“Ырыс Ордодо” Элдик курултайдын жыйындары, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуулар, ири эл аралык форумдар, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү коомдук жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.