Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Планетада орточо күнүмдүк температура өнөр жайга чейинки деңгээлден рекорддук 2,23 градус Цельсийге ашты, деп билдирди Anadolu агенттиги.
Европанын климаттын өзгөрүшүн көзөмөлдөө кызматынын алдын ала маалыматтарына ылайык, температура 2023-жылдын 17-ноябрында жана 18-ноябрында катталган 2,05 градус боюнча мурунку рекорддон ашып түштү.
Акыркы үч жылдын ичинде орточо күнүмдүк глобалдык температура индустрияга чейинки деңгээлден 11 жолу эки градустан ашык жогорулады. 2023-жылдын ноябрына чейин мындай окуялар катталган эмес.
Америкалык климатолог Зек Хаусфар температура аномалиясы алдыдагы күндөрү 2,3 градус Цельсийге жетиши мүмкүн экенин божомолдогон.
Окумуштуулар температуранын жогорулашын парник газдарынын абага бөлүнүүсү, негизинен көмүр, мунай жана жаратылыш газын күйгүзүүдөн улам келип чыгышы менен байланыштырышат. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жылуулукту күчөтүп, кургакчылык жана суу ташкындарынын коркунучун жогорулаткан Эль-Ниньо кубулушу да кошумча таасирин тийгизүүдө.
Климатологдор эки градустук босогодон ашуу 2027-жылдын мартына чейин уланышы мүмкүн деп божомолдошууда.
Эске салсак, 19-кылымдан бери Жердин орточо температурасы болжол менен 1,3 градус Цельсийге жогорулаган.