Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Педагогдорду окутууда мамлекеттик билим берүүнүн стандартын иштеп чыгуу пландалууда. Бул тууралуу Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакунов билдирди.
Анын айтымында, педагогдорду окутууда билим берүүнүн стандартын иштеп чыгуу үчүн атайын билим Берүү жана илим министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлгөн. Анын эң негизги максаты мамлекеттик педагогдорду окутуудагы орто кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайлардын кесиптик билим берүүнүн стандартын иштеп чыгуу.
“Мугалимдик билим берүү азыркы замандын чакырыктарына жооп берип, өз функцияларын натыйжалуу аткарышын камсыз кылышыбыз керек. Бул биз кадрларды даярдоонун башталышынан тартып эмгек рыногуна чыкканга чейин бардык этаптарда жогорку сапаттагы кадрларды даярдоону камсыз кылышыбыз керек дегенди билдирет.
Мамлекеттик стандартты иштеп чыгуунун алкагында заманбап мугалимдин өзөгүн түзгөн улуттук баалуулуктар аныкталып, универсалдуу компетенциялар (лингвистикалык жана санариптик), ошондой эле профессионалдык (окутуунун ыкмаларын өздөштүрүү, психологиялык аспектилер жана билим берүүдөгү инновацияларды колдонуу) калыптанат”,-деди ал.