Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Франциядагы элчилигинде Эл аралык тоо күнү жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн француз коомчулугуна таанытуу максатында иш-чара өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында элчилик тарабынан француз альпинисттеринин сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, анда Хан-Теңиринин карлуу чокуларынан тартып Жети-Өгүздүн кооз капчыгайларына чейин Кыргызстандын керемет жаратылыш пейзаждары чагылдырылган.
Кыргызстандын элчиси Садык Шер-Нияз өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстан – табигый жана маданий мурастары бай гана эмес, тоо экосистемаларын коргоо боюнча эл аралык демилгелердин активдүү катышуучусу экенин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган демилгелери өзгөчө белгиленип, Кыргызстан жетишкен эл аралык ийгиликтер – анын ичинде "Тоолор үчүн беш жылдык" жана Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы тууралуу сөз болду.
Коноктор чоң кызыгуу менен Кыргызстандын табигый кооздуктарын, көчмөн маданиятын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеороликти көрүштү.
Иш-чара кыргыз улуттук ашканасынын даамдуу тамактарынын дегустациясы менен жыйынтыкталды.