Панфилов сейил багындагы кырсык. Аттракциондун оператору шектүү катары кармалды

Укук тартиби Загрузка... 02 Апрель 2025 11:11
WhatsApp_Image_2025_y6oNkFm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Биринчи май райондук милициясы

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багындагы окуяга шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (“Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү”) кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Ш.А. аттуу аттракциондун оператору кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 31-мартта Биринчи май районунун аймагында жайгашкан Панфилов атындагы сейил бактагы аттракциондордун биринен 19 жаштагы кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген.