Ошто салыкчыларга бизнеске колдоо көрсөтүү тапшырмасы берилди — Кабар

Ошто салыкчыларга бизнеске колдоо көрсөтүү тапшырмасы берилди

Экономика 18 март 2026 09:22
1-2.jpg
CHX_1260-2.jpg
CHX_1259-2.jpg
CHX_1252-2.jpg
CHX_1241-2.jpg
CHX_1222.jpg
CHX_1180.jpg
CHX_1159.jpg
CHX_1127.jpg
CHX_1116-2.jpg
CHX_1091-2.jpg
CHX_1071-2.jpg
CHX_1063-2.jpg
5-2.jpg
4-2.jpg
3-2.jpg
2-2.jpg
Алдыга
Артка
1-2.jpg
CHX_1260-2.jpg
CHX_1259-2.jpg
CHX_1252-2.jpg
CHX_1241-2.jpg
CHX_1222.jpg
CHX_1180.jpg
CHX_1159.jpg
CHX_1127.jpg
CHX_1116-2.jpg
CHX_1091-2.jpg
CHX_1071-2.jpg
CHX_1063-2.jpg
5-2.jpg
4-2.jpg
3-2.jpg
2-2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош облусунда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын ачык диалог жана суроо-жооп форматында өттү.

Анда ишкерлерге салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү боюнча маалымат берилди. Ошондой эле ачыктыкты камсыз кылган "Салык күзөт" аналитикалык системасы тааныштырылды.

Төрага мамлекет менен бизнестин ортосунда тең салмактуулук болушу керектигин белгилеп, салыкчыларга ишкерлерге тоскоолдук жаратпастан, ар тараптуу консультациялык көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Ишкерлер өз көйгөйлөрүн түздөн-түз жеткирип, жооп алышты. Шыкмаматов маанилүү чечимдерди кабыл алууда бизнес-коомчулуктун пикири эске алынарын белгиледи.

"Салык системасы бюджетти толтуруу менен бирге салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүшү керек. Бизнес менен мамлекеттин ортосунда өнөктөштүк мамиле гана натыйжа берет", – деди Алмамбет Шыкмаматов.

Жолугушуунун жыйынтыгында салыктык башкарууну өркүндөтүү жана ишкерлер менен байланышты жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.